Бул тууралуу ички иштер министринин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов "Азаттык" радиосуна ырастады. Маалыматка караганда, Болотбек Ногойбаев 24-декабрда көз жумган. Ал көптөн бери ооруп жүргөн.
Болотбек Ногойбаев 1955-жылы Чүй облусунун Тельман айылында туулган. 1983-жылы КМУУнун (азыркы КУУ) укук таануу факультетин аяктап, андан кийин Москвадагы ИИМ академиясынан билим алган. Маркум юридика илимдеринин доктору наамынын ээси. Эмгек жолунда ар кайсы милиция бөлүмдөрүндө катардагы кызматкерден тарта жетекчиликке чейин кызматтарды аркалаган. 2007-2008-жылы ички иштер министри болуп эмгектенген. Акыркы жылдарда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында иштечү.
Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасын, "Күжүрмөн кызматы үчүн" 1-даражадагы медал жана башка көптөгөн сыйлыктарды алган.