Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Түркия ирандык активистти Ливанга депортациялады


Пейман Ареф
Пейман Ареф

Түркиянын коопсуздук күчтөрү кармаган ирандык саясий активист Пейман Ареф Ливанга депортацияланды. Бул тууралуу анын адвокаты Саханд Азартүрк “Азаттыкка” билдирип, мындай чечимдин себеби түшүндүрүлбөгөнүн айтты.

Ареф түрк президенти Режеп Тайип Эрдоганды жана түрк өкмөтүн сындаганы үчүн кармалган. Анын аялынын айтымында, түрк бийлиги активистке депортация үчүн Грузияны же Ливанды тандоо керектигин билдиришкен.

Учурда ирандык активист БУУнун Бейруттагы кеңсесинде экени кабарланууда. Ареф 2010-жылы бийликке каршы пропаганда жүргүздү деген жүйө менен соттолгон. 2014-жылы Түркиядан башпаанек алган болчу.

XS
SM
MD
LG