Орус президенти Владимир Путин жылдык маалымат жыйынында Кыргызстанда фитосанитардык көзөмөл орнотуу жаатында маселелер бар экенин ырастады. Ал мындай оюн Евразиялык экономикалык биримдик бардык мүчөлөрүнө бирдей пайдалуу иштебегенин жана Кыргызстанда уюмга ишенген дыйкандар банкрот болгонун айткан журналисттин суроосуна жооп берип жатып билдирди.
“Бул өлкөнүн Казакстан, Орусия менен мамилелеринде айрым кыйынчылыктар бар. Айыл чарба продукталары жагынан Кыргызстанда фитосанитардык көзөмөл орнотуу жагынан проблемалар бар. Биз колубуздан келген жардамыбызды берип жатабыз. Казакстан да ошентет деп үмүттөнөбүз. Кантсе да, биз өз базарыбызды текшерилбеген, стандарттарга жооп бербеген тамак-аштан коргошубуз керек”, - деди Путин.
Орус президенти Евразиялык экономикалык биримдигинин алкагындагы интеграциялык иштер бардык мүчө мамлекеттер үчүн пайдалуу экенин, жалпысынан кыргыз товарларынын уюмдун рыногундагы көлөмү көбөйүп баратканын белгиледи.
Кыргыз өкмөтүнө караштуу фитосанитардык көзөмөл департаментинин жетекчиси Калыс Жумаканов Казакстан менен ортодо чыкан маселе жакын арада чечилет деп ишендирди. Ошондой эле Кыргызстандан сүт азыктарын Казакстан менен Орусияга экспорттоо быйыл былтыркыга караганда үч эсе көбөйгөнүн, балык, бал ташылып жатканын, азырынча эт азыктарын экспорттоо чечилбей турганын кошумчалады.