Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы төрөтканаларда иштеген 430 акушер кыска мөөнөттөгү окуудан өтүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан "Азаттык" радиосуна билдиришти.
Маалыматка караганда, “Ымыркайдын дем алуусуна жардам бер” деп аталган окуу учурунда 30-декабрга чейин киндик энелер оор абалда төрөлгөн балдарга алгачкы медициналык жардам берүүлөрдүн ыкмаларын үйрөнмөкчү. Мындан сырткары ымыркайларды кароо жана жаш энелерди эмчек эмизүү боюнча окуулар да бар.
Адистер айына жетпей жана оор абалда төрөлгөн балдардын жандандыруу бөлүмүнүн ишин жакшыртуу менен ымыркайлар өлүмүн 15%га чейин азайтууга болот дешет. Алардын айтуусунда, азыр мындай наристелерге медициналык кызмат көрсөтүүнүн деңгээли төмөн. Иш-чара министрлик менен ЮНИСЕФтин биргелешкен программасынын негизинде ишке ашууда. Расмий маалымат боюнча, Кыргызстандын түштүк облустарында 1 жашка чейинки балдардын өлүмү азайбай келет. (RsK)