“Бир дүйнө-Кыргызстан” укук коргоо уюмунун Оштогу бөлүмүнө узап бараткан 2016-жылы жардам сурап 539 адам кайрылды. Алардын 365и эркек, 183ү аялдар. Кылмыш иштери боюнча 278, жарандык иштерге байланыштуу 234, административдик укук бузуулар жаатында 9, кыйноо боюнча 9 кишиге юридикалык кеңештер берилгенин аталган уюмдан кабарлашты.
“Бир дүйнө - Кыргызстандын” келтирген фактыларга байланыштуу төрт милиционерге чара колдонулду. Ошондой эле кыйноого байланыштуу бир кылмыш иши ачылды. Прокуратура кыйноо боюнча аталган уюм жазган жети арызды артка кайтарды. Бирок сот аркылуу прокуратуранын кадамы туура эмес болгону далилденип, арыздар кабыл алынды.
Бириккен улуттар уюмунун Адам укуктары комитетине тогуз адамдын укугу одоно бузулуп жатканы боюнча маалымат жөнөтүлдү.(SA)