Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Кыргызстан Сирия боюнча резолюцияга каршы добуш берди


Башкы ассамблеянын жыйыны
Башкы ассамблеянын жыйыны

Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы шаршембиде 2011-жылдан бери Сирия чатагындагы ырайымсыздык, химиялык курал колдонууну иликтөө жана кылмышкерлерди жоопко тартуу боюнча резолюцияга добуш берди.

58 өлкө демөөрчү болгон резолюцияга 105 өлкө макул, 15 өлкө анын ичинде Кыргызстан, Орусия, Беларус каршы добуш берсе, Казакстан баштаган 52 өлкө добуш берүүдөн карманды. Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан добуш берүүгө келген эмес.

Лихтенштейдин элчиси Кристина Венавейзер Башкы Ассамблеянын бул чечими Сирияда аскер кылмыштарына шектүүлөрдү жоопко тартпаган Коопсуздук Кеңештин аракетсиздигине жооп катары кабыл алынганын билдирди.

Орусия Башкы Ассамблеяны Коопсуздук кеңешинин ишине кийлигишип жатат деп айыптады. Кытай өлкөнүн эгемендигин сыйлоого чакырды.

2014-жылы Кытай менен Орусия Коопсуздук Кеңешинин Сирия чатагы учурундагы аскер кылмыштарын иликтөөгө Эл аралык кылмыш сотун тартуу аракетин четке кагышкан.

БУУнун баш катчысы үч жума ичинде иликтөө тобун уюштурушу керек. Ал чогулткан маалыматтар кийин Эл аралык кылмыш сотунда кароого негиз болушу ыктымал.

XS
SM
MD
LG