Кыргызстанда 22-декабрда Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында маал-маалы менен кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок, тоолуу аймактарда кар күрткүсү топтолот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2;
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -22…-27, күндүз -7…-12;
Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз -4…+1;
Баткенде түнкүсүн -1…-6, күндүз -2…+3;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…-7, күндүз -2…+3;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;
Нарын облусунда түнкүсүн -14…-19, күндүз -6…-11;
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -21…-26, күндүз -8…-13 градус суук.
Бишкекте 22-декабрда күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрди түзөт. Абанын температурасы түнкүсүн -3…-5 градус суук, күндүз 0…2 градуска чейин жылуу.