Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Депутат Макеев Мүлк фондуна жооп кайтарды


Жогорку Кеңештеги "Кыргызстан" фракциясынан депутат Нурлан Макеев Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду тараткан маалыматка жооп кайтарды. Ал фонддун жетекчиси Мэлис Мамбетжановдун сындарын четке какты. Депутаттын "Азаттык" радиосуна билдиришинче, Мамбетжанов парламент комитетине саламаттыгына шылтоолоп, төрт айдан бери келбей койгон:

-Мүлк фондуна байланыштуу маселени комитетте карайлы десек Мамбетжанов алты жолу келбей койду. Анын айынан алты жолу маселе артка жылды. Орун басарларын жиберет, бирок алар жооп бере албайт. Жооп берчү төрага да. Кыргызстан үчүн иштеп бер деп милдет жүктөлгөн соң, өз жоопкерчилигин сезип келиши керек. Бирок аны кылбай жатат. Мен ал кишиге ден соолук гана каалайм.

Депутат менен Мамлекеттик мүлк фондунун ортосундагы кайым айтыш парламенттин комитетинин жыйындарынан улам чыккан. Комитет төрагасы Нурлан Макеевдин сынына Мамлекеттик мүлк фондунун төрагасы Мэлис Мамбетжанов маалымат кызматы аркылуу жооп берген. Анда Нурлан Макеев өлкөдөгү олуттуу маселелерди чечүүнүн ордуна куру сөз менен алектенип, жеке таарынычынан улам фондго жөнү жок асылып жатканы айтылган. “Мамлекеттик кызматтагы көптөгөн кесипкөй адистер Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын кылык-жоруктарына, кежирлигине чыдоого мажбур болгону өкүндүрөт”,- деп белгиленген фонддун маалыматында. (BkA)

XS
SM
MD
LG