19-декабрда Кыргызстанда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, тоолуу аймактарда кар күрткүсү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…-6, Таласта түнкүсүн -5...-10, күндүз -1...-6 градус суук болот.
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарынында түнкүсүн -1…-6, күндүз -3…+2 жылуу болот. Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз 0…-5, Нарында түнкүсүн -11…-16, күндүз -9…-14 градуска чейин төмөндөйт.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -17…-22, күндүзү -9…-14 градус суук болот.
19-декабрда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен кар жааайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7° суук, күндүз -1…-3° суук болот.