Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:14

Сирияда эвакуация боюнча жаңы келишим түзүлдү


Алеппо
Алеппо

Wall Street Journal гезитинин маалыматы боюнча, жаңы келишимге ылайык, Алепподон жай тургундарды жана козголоңчуларды чыгаруу кайрадан жанданат. Бир күн мурда шиит согушкерлери Алепподон чыга беришти тороп, Идлибде калган шериктерин да алып кетүүнү талап кылышкан.

Алеппонун чыгыш кварталдарынан тургундарды эвакуациялоо жума күнү кечинде токтогон. Телеканалдар жай тургундар эвакуацияланып жаткан мезгилин көрсөткөндө, атышуулардын үнү угулуп турду. Кызыл чырым уюму кооптуу аймактан унааларын алып кетүүгө мажбур болгон.

Жума күнү БУУнун Коопсуздук кеңеши жабык жыйын өткөрдү. Жыйындын корутундусуна ылайык, АКШнын Улуттар уюмундагы өкүлү Саманта Пауэр Алепподогу эвакуация жараянына эл аралык байкоочу жиберүү демилгесин АКШ бийлиги колдоого алганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG