АКШ президенти Барак Обама "Башар Асадга баш ийген күчтөр, аны колдоого алган Орусия менен Иран бейажал өлүп жаткан сириялыктардын өлүмүнө жоопкер" деди. Ал быйылкы жылдагы акыркы маалымат жыйынында Сирияда жай тургундарды өлтүрүү менен эл аралык укук бузулганын айтты.
Обама Сириядагы шаарларга гуманитардык жардамды алып барууга болгон күчүн жумшарын айтты жана "гумжардам дарегине жетпегени үчүн айыптуулар жазасын алат" деп билдирди. Ал Сирия жаңжалын саясий жол менен чечүү зарылдыгын баса белгилеп, бул маселени БУУнун Башкы ассамблеясында көтөрүүгө убада берди.
Ал ошондой эле Сириядагы калабага жоопкерчиликти сезип турганын, бирок ар кандай себептер менен ал жакка аскер жибере албасын белгиледи. Обама Алепподогу эвакуациянын жүрүшүн көзөмөл кылуу үчүн эл аралык байкоочуларды жиберүү демилгесин колдоого алды.