Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Жерүй алтын кени келерки жылы ишке кирет


Жерүй алтын кени
Жерүй алтын кени

Буга байланыштуу аталган алтын кенде кен казуу комплексинин курулушуна даярдыктар жүрүүдө. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана кен пайдалануу комитетинин төрагасы Дүйшөнбек Зилалиев президент Алмазбек Атамбаевге маалымдады. Дүйшөнбек Зилалиев мындан тышкары да ири кендердин иши, жылуулук сезонунун жүрүшү, калкты электр энергиясы жана жылуулук менен туруктуу камсыздоо жөнүндө да маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев кен казуунун ачыктыгын жогорулатууну, тармактагы коррупцияны азайтууга мамлекет тарабынан көзөмөлдү күчөтүүнү жана жаратылыш байлыктарын өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн пайдаланууну тапшырды.

Бул тууралуу президенттин аппараты маалымдады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG