Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Адил Турдукуловдун үстүнөн соттук териштирүү башталды


Адил Турдукулов
Адил Турдукулов

Бишкектин Биринчи май райондук соту Эркин Мамбеталиевдин активист Адил Турдукулов боюнча доо арызын 16-декабрда карады. Бул тууралуу Турдукулов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, биринчи соттук териштирүү 9-декабрга белгиленип, бирок белгисиз себептер менен болгон эмес. Бүгүн жараян башталып, ага Мамбеталиев келген жок. Анын кызыкчылыгын эки адвокат коргоп жатат. Адил Турдукуловдун адвокаттары материалдар менен толук таанышуу үчүн убакыт сурап, натыйжада сот жараянга 20-январга чейин тыныгуу жарыялады. Ошол эле учурда активист жараяндын жүрүшү боюнча сот баарына бирдей мамиле кылбай, мыйзамсыз чечим кабыл алганын айтууда:

- Мамбеталиевдин адвокаттары сотто аудиожазууга уруксат сурап, сот аны канааттандырды. Биздин видео жана фотого тартуу тууралуу өтүнүчүбүз четке кагылды. Арыз берген тарап соттун жабык өтүшүнө кызыкдар болуп жатат. Бул чуулгандуу иш болгондуктан, териштирүү ачык өтсүн деген талап коюп жатабыз.

Президент Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жансакчысы деген Эркин Мамбеталиев Турдукуловдун үстүнөн быйыл ноябрдын этегинде сотко кайрылган. Ал "Фейсбуктагы" билдирүүлөр "аброюма шек келтирди" деген негизде арыз жазып, моралдык зыян катары 5 миллион сом өндүрүп берүүнү өтүнгөн. Адил Турдукулов болсо Мамбеталиев тууралуу посттору далилдерди, шилтемелерди келтирүү менен жазылганын билдирип келет. (NT)

XS
SM
MD
LG