Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

Орусия Путиндин киберчабуулдарга тиешеси жоктугун билдирди


АКШдагы президенттик шайлоо өнөктүгүндө ишке ашырылган киберчабуулдардын артында Владимир Путин турушу мүмкүн деп, Американын чалгындоо кызматы айтып жаткан божомолду Орусия бийлиги четке какты. Бул тууралуу NBC News каналы билдирди.

Телеканал “демократтарга таандык маалыматтарды уурдоо жараянынын башында Путин турган” деген кабар дипломатиялык жана чалгындоо кызматындагы булактардан алынганын белгиледи.

Мурдараак ЦРУ республикачы Дональд Трампты Москва колдоп жатканы тууралуу айтып чыккан. Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков муну “күлкү келтирерлик божомол” деп, тышкы иштер министри Сергей Лавров “акылга сыйбаган билдирүү” деп атаган.

АКШда президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда Демократтар партиясынын маалыматтарына киберчабуулдар жасалган. (SE)

XS
SM
MD
LG