Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:25

Алепподо тынчтык келишими кайра иштей баштады


Алеппонун чыгышы
Алеппонун чыгышы

Сириянын Алеппо шаарында араздашкан тараптар жаңы макулдашууга жетишип, эвакуациялоо планына кайра даярдык көрүлүүдө. Калаада ок атышуулар токтогону, козголоңчулар менен жайкын тургундарды шаардан чыгаруу иши бүгүн башталары кабарланды.

Орусия жана Түркиянын ортомчулугу менен эки күн мурда макулдашылган ок атышпоо келишими шаршембиде кайра тутанган кармаштан улам үзгүлтүккө учураган. Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясы медициналык жардамга муктаж адамдардын биринчи тобу коопсуз жайга көчүрүлө баштаганын кабарлады.

Орусия билдиргендей, президент Владимир Путиндин буйругу менен орус аскерлери Алепподон чыга турган козголоңчуларды коштоп жүрмөй болду. Орус коргоо министрлиги Идлиб шаарын көздөй көчүрүлө турган көтөрүлүшчүлөр менен алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугу сакталат деп убада берди.

XS
SM
MD
LG