Голландия соту мындай чечимди 14-декабрда чыгарды. Анда Крым эгемендүү мамлекет болбогондуктан маданий мурас болгон алтын кенчтерге ээ боло албайт деп белгилеген. 2014-жылдын башында Амстердам музейинде көргөзмөгө коюлган Крым алтын артефактары Орусия Крымды ээлеп алгандан кийин кайтарылган эмес. Киев жана Крымдагы төрт музей ал археологиялык табылгалар боюнча талашып-тартышып келе жатат. Крымдагы музейлер алардан алынган алтындан жасалган маданий мурастар аларга кайра кайтарылышы керек десе, Киев алтын кенчтер Украина мамлекетинин менчиги болгондуктан, өкмөт көзөмөлдөбөгөн жерге кайтарылбашы керектигин айтып келген. Эки миң жыл мурун жасалган скифтер доорундагы алтын буюмдарды Украинага кайтаруу чечими чыкты. (AiT)