Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:24

«Альфа Телеком»: Текебаевдин "Мегакомго" тиешеси жок


Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Текебаевдин "Мегаком" компаниясы менен эч кандай байланышы жоктугун "Альфа Телеком" ишканасынын башкы директору Азат Базаркулов 14-декабрда Бишкектеги маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусунда, компания мамлекетке таандык. Анын акцияларынын 100 пайызына өкмөт ээлик кылат:

- Андыктан Өмүрбек Текебаевдин бизге, биздин ага эч кандай катышыбыз жок, - деди ал.

14-ноябрда УКМК Белиз өлкөсүнөн алган документтерге таянып, оппозициядагы “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Алмамбет Шыкмаматов “Альфа Телекомдун” 50 пайыз акциясын сатууга аракеттенген деген маалымат тараткан. Эл өкүлдөрү муну жасалма документтердин негизиндеги каралоо катары сыпаттап келишет. Президенттин тапшырмасы менен атайын кызматтын маалыматын Башкы прокуратура иликтеп жатат. (NT)​

XS
SM
MD
LG