Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:09

Орусия Сербияга курал берет


Белградда Хорватия менен 1990-жылдары болгон уруштун курмандыктарын эскерүү жыйыны. 5-август, 2016-жыл.
Белградда Хорватия менен 1990-жылдары болгон уруштун курмандыктарын эскерүү жыйыны. 5-август, 2016-жыл.

Бул тууралуу орус тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Анын айтымында, Москва Сербияга куралды НАТОнун коңшу Хорватияны күчтөндүрүшүнө каршы туруусу үчүн берүүгө даяр.

Учурда Балкан аймагынын бул эки өлкөсүнүн мамилеси чыңалып турат. Серб тышкы иштер министри Ивица Дачичтин бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, премьер-министр Александр Вучич Москвага ушул айдын соңунда келип, төрт МИГ -29 учагын жана башка аскерий жабдууларды алуу маселесин талкуулайт.

Дачичтин айтымында да, Сербия өз аскерий күчтөрүн НАТО коңшу Хорватияны курал менен жабдып жатканынан улам чыңдашы керек.

Сербия бийлиги НАТОго жана Евробиримдикке мүчө Хорватиянын башка аракеттерине да нааразы болууда.

Белград Евробиримдикке мүчөлүк үчүн Брюссель менен быйыл жыл соңунда үч багытта сүйлөшүү баштоого үмүттөнсө, расмий Загреб алардын бирине тосмо коюуга жетишти.

Сербия өзү Евробиримдикке кирүүнү көздөйт, бирок НАТОго жана Батыштын Орусияга каршы санкцияларына кошулуудан баш тарткан. (UE)

XS
SM
MD
LG