Бишкек шаардык кеңешине бүгүн өткөн шайлоодо КСДП жана “Республика Ата-Журт” партиялары алдыда келатат. Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматына ылайык,
КСДП - 26 пайыздан көбүрөөк добуш алды,
“Республика – Ата-Журт” - 25 пайыздан ашуун,
“Өнүгүү-Прогресс” - 16,3%
“Мекеним Кыргызстан” - 13,97%,
“Кыргызстан” партиясы - 10,03%.
Башка партиялар мандат алууга жетиштүү добуш топтой алган жок. Бул сандар шайлоо жыйынтыктары толук саналганда кайра өзгөрөт.
Шаардык кеңешке 14 партия ат салышты.