Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:19

БШК: Референдумду шайлоочулардын 80 пайызга жакыны колдоду


Алдын ала маалыматтарга караганда референдумга катышкандардын 79 пайыздан ашууну Баш мыйзамды өзгөртүүнү колдоду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы билдирди. Акыркы жыйынтыктар саналып жаткандыктан, cан дагы өзгөрүшү мүмкүн.

Кечки саат тогуздагы маалыматка караганда, добуш бергендердин 812 миң 372си колдоп, 155 миң 540 каршы болушту. Бюллеттендердин 51 миң 175и жараксыз деп табылды.

Ал эми жергиликтүү кеңештерге шайлоо боюнча сандар улам өзгөрүүдө. Эки өнөктүккө катышкандар 35 пайыздан ашканы кабарланган.

Бүгүн Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү. Ага эки миллиондон ашуун шайлоочу катышууга акылуу болчу. Добуш берүүчүлөрдүн 1 миллион 19 миңден ашууну келди.

Акыркы маалыматтар кечки саат 10до чыгарылары маалымдалган.

XS
SM
MD
LG