«Бишкекжарык» ишканасынын маалыматы боюнча, жолго жарык берүүчү түрдүү шамдар велосипед сүйүүчүлөрдүн ыңгайлуулугуна ылайыктап, жайгаштырылды.
Шаардын түштүк тарабындагы Жукеев-Пудовкин – Токомбаев – Байтик Баатыр көчөлөрүндөгү айланма веложолу борбор калаада сентябрь айынын аягынан тарта ишке берилген. Веложолдун узундугу 1,5 чакырым, туурасы 3 метр. Жолдун курулушуна 7 млн сом сарпталган.(ZKo)