Орусияга Кыргызстан менен Казакстандан барган 31,3 тоннадан ашык азык-түлүк киргизилбегенин Россельхознадзордун Новосибирск облустук башкармалыгынан билдиришти. Жүк «Карасук» өткөрмө бекетиндеги фитосанитардык көзөмөл бекетинде кармалган.
Кыргызстан менен Казакстандан алынып бара жаткан азык-түлүк Новосибирскиде сатылмак. Алма, лимон, бадыраң, күрүч, ит мурундун мөмөсү, өрүк данектери, жер жаңгак жана жаңгактан турган 9,842 тонналык жүктүн фитосанитардык коопсуздукту ырастоочу документтери жок болуп чыкты.
Кыргызстандан 21,5 тонна кургатылган жемиш жасалма сертификат менен ташылып бара жаткан.
Азыктарды Орусиянын аймагына киргизүүгө тыюу салынып, кайра артка кайтарылды.
Бул фитосанитардык документтеринин жоктугунан улам Россельхознадзор Орусиянын аймагына кыргыз азыктарын мурда да киргизбей койгон учурлар катталган.(ZKo)