Бирок Америка Азимжан Аскаровго сыйлык берүүдөн мурда карап чыкса болмок деген пикирин президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан-АКШ мамилеси тууралуу суроого жооп берип жатып билдирди. Мамлекет башчы АКШ менен теңата мамиледе болуу керек деп эсептейт. Алмазбек Атамбаев ошондой эле сырттан келип жаткан насыя акчалар боюнча да айтып, насыя акчадан зыян жоктугун, аны алып, экономиканы өнүктүрүү үчүн колдонуу зарылдыгын белгиледи:
- Эч нерсе курбай, эч нерсе жасабай, оппозициядагылардын оозун тиктеп отура берели. Жолдорду туура эмес куруп жатасыңар деп жатышат. А мен жолдор экономиканы өнүктүрүүнүн кепилдиги деп айтар элем. Биз ансыз деле жол менен электр энергиясына кредит алып жатабыз.
Мамлекет башчы кийинки жылдан тарта Кыргызстанда ири заводдор ишке кире баштайт деп билдирди. Анын айтуусунда, референдумдан кийин ишканаларды Салык кызматынан башка эч ким текшерүүгө акысы жок болуп калат. Ишкерликке кенен мүмкүнчүлүк берилет.(UEz/ZKo)