Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:36

БУУ Алеппого гуманитардык жүк жеткирүүгө даяр


Алеппо
Алеппо

Алеппонун чыгыш тарабында камоодо калган сириялык козголоңчулар БУУнун гуманитардык жардам жеткирүү жана жарадарларды эвакуациялоо планын жактырышты. Улуттар уюмунун гуманитардык миссиясынын жетекчиси Ян Эгеланд Сирия президенти Башар Асаддын негизги өнөктөшү Орусиядан төрт пункттан турган план боюнча оозеки колдоо алынганын билдирди. Дипломаттын айтымында, Улуттар уюму Дамаск өкмөтүнүн макулдугун күтүүдө.

Жүздөгөн жүк ташыган машиналар Түркияда жана Алеппонун өкмөт көзөмөлдөгөн райондорунда гуманитардык жардамды жеткирүүгө даяр турушат. "Шаардын курчоодогу бөлүгүндө жүздөгөн жарадарлар жардамга муктаж", - деди Эгеланд. БУУ акыркы жолу азык-түлүктү ал жерде кала берген 275 миңдей кишиге 13-ноябрда тараткан.

XS
SM
MD
LG