Өзгөчө адамдар үчүн цех ачылды
Бишкекте аутист балдар жана алардын энелерин иш менен камсыздаган кулинардык цех иштей баштады. Аутист балдардын бойго жеткенден кийин ишке орношуусу дээрлик мүмкүн эмес. Мындан улам, алгач цех тамак жасаганды үйрөтүп, жасаган ишине жараша айлык чегерилет. Учурда цех Бишкектеги айрым дүкөндөрдөн буйрутмаларды ала баштады.