Там салууга уруксат күткөндөр
Кочкор районунун Теңдик айылындагы жүздөн ашык үй-бүлө жогорку бийлик там салууга качан уруксат берет деп, зарыга күтүп жүрүшөт. Аларга 2008-жылы жергиликтүү кеңеш тарабынан сегиз сотыхтан жер бөлүнүп берилген. Бирок 2005-жылдагы революциядан кийинки жер тилкелерин трансформациялоо мораторийинен улам ушул күнгө чейин тийиштүү кагаздарын ала албай келишет.