Стамбулдагы “Ташкент Голд” фирмасынын жетекчиси Исмаил Кашкарий 18-ноябрда "Ататүрк" аэропортунда кармалган 9,5 миллиондун 5 миллион 359 миң доллары ага, калган акча башка төрт фирмага таандык экенин суракта полицияга билдирген. Бул тууралуу түрктөрдүн Yenisafak гезити 22-ноябрда кабарлады.
"Биз ар дайым накталай акча алып келебиз, анын баарын декларацияда көрсөтөбүз. Акчаны дайыма бир эле кишилер ташыйт. Азыр көп фирмалар акча алып келүүнү токтотушту. Сурактан кийин акчабыздын кайтарылышын күтөбүз" - деген Кашкарий ФЕТО уюму менен эч кандай байланышы жоктугун, жөн гана соода кыларын баса белгилеген.
Акча ташыгандар кыргыз жарандары Дайырбек Тойгонбаев менен Темур Кочкоров экенин жана Кочкоровдун паспортунун сүрөтүн жогоруда аталган гезит жарыялады.
18-ноябрда "Ататүрк" аэропортунун каржы кылмыштарына каршы бөлүмү өлкөгө кирген акчаны текшерүү маалында кыргызстандык, өзбекстандык жана беш түрк жараны кармалганын кабарлаган. Аэропортто кармалган 9,5 миллион доллар ФЕТО уюмунун мүчөлөрүнө келгенин Milliyet басылмасы жазып чыккан.
Стамбулдагы Кыргызстандын консулдук кызматы жана шаардын Бакыркөй райондук прокуратурасы кармалган кыргызстандык жарандар тууралуу маалымат берүүдөн баш тартышты. (ElB)