АКШнын USAID агенттиги Ош менен Жалал-Абаддын дыйкандарына колдоо көрсөтүүдө.
«Оазис Агро» компаниясы аркылуу аталган эки облустун айыл чарбасын өнүктүргөн фермерлерине 2 миң тонна дан сактоого ылайыкташтырылган кампа курулуп, лабораторияга жабдуу сатылып алынат. Ошондой эле жем өндүрүүчү, сүттү кайра иштетүүчү цехтер ачылат.
Долбоор боюнча 2018-жылдын аягына чейин өндүрүштөн түшкөн кирешенин жалпы суммасы 700 миң долларга жогорулайт. (RK)