8-ноябрда Кыргыз улуттук драма театрында Кайрат Иманалиевдин “Коркут ата” спектакли коюлат. Пьеса жалпы түрк дүйнөсүнө тиешелүү маданий мурас - 8-кылымда Сыр-Дарыя боюнда жашап өткөн баатыр, атактуу акын, күүлөрдүн устаты Коркут ата тууралуу жазылган. Драмада легендага айланган инсандын өлбөстүктү издегени, аны акыры артында калган ак эмгек аркылуу тапканы чагылдырылган.
Спектакль ТҮРКСОЙдун атайын буюртмасы менен даярдалган.
Кыргыз драма театрынын ноябрь айындагы репертуары айдын аягына чейин уланат. Алдыда Шералы Жапаровдун “Ажал менен Таймаш”, Жалил Садыковдун “Манастын уулу Семетей”, Гоголдун “Үйлөнүү”, Алтынай Темированын “Улуу Бхаратанын урпактары ”, Чыңгыз Айтматовдун “Саманчынын жолу”, Фридрих Дюрренматтын “Картаң айымдын келиши”, Табылды Актановдун “Чоң кербез” аттуу спектаклдери коюлат.
Күзгү театралдык сезон 30-ноябрда Азиз Несиндин “Торостук каракчы” аттуу спектакли менен соңуна чыгат. (ZA)