Дене тарбия жана спорт тармагын мыкты чагылдыруу боюнча спорт журналисттеринин арасында жарыяланган сынактын жыйынтыгы чыкты. Сынакка радио, электрондук басма сөз, ТВ жана гезиттерде 2015-жылы жарыяланган эмгектер кабыл алынган. Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктардын сертификаттары бүгүн Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт сарайда тапшырылды.
Биринчи орунга 30 миң сом, 2-орунга 10 миң сом жана 3-орунга 5 миң сомдон ыйгарылды. Радио тармагында биринчи орунду КТРКнын 1-радиосунун кабарчысы Усубалы Мамбетов алды.
"Азаттыктын" спорт кабарчысы Эмилбек Чекиров 2-орунга ээ болду.
Сынак 2011-жылдан бери өткөрүлүп келет. Быйыл ага 17 журналисттин эмгектери кабыл алынды. Байге фонду 225 миң сомду түздү.