Адам укуктарына арналган “Бир дүйнө - Кыргызстан” даректүү тасмалар фестивалы бүгүн жыйынтыкталат.
31-октябрда башталган иш-чаранын алкагында көрөрмандарга чет элде жана Кыргызстанда тартылган 19 фильм сунушталды. Быйыл онунчу жолу өткөн фестиваль Кыргызстандын Эгемендигинин 25 жылдыгына арналды.
Фильмдер “Манас” кинотеатрында саат 9:30дан 18:00гө чейин акысыз көрсөтүлдү.
Бүгүн мыкты тасмалар аныкталып, режиссерлор сыйланат. Андан ары тасмалар Кыргызстандын аймактарында элге тартууланат. (SE)