Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:55

Пакистан Индиянын дипломаттарын тыңчылыкка айыптады


Кашмир
Кашмир

Пакистан Индиянын сегиз дипломатын тыңчылык жана террорчулук боюнча айыптады. Бул эки коңшу ортосундагы мамиле чыңалып турган учурга туш келди.

Тышкы иштер министрлиги шектүү дипломаттардын алтоо Индиянын чалгын агенттигинин изилдөө бөлүмүндө иштегенин, экөө чалгын агенти болгонун билдирди.

Ал дипломаттарга “Пакистандын Синд жана Белужистан провинцияларындагы туруксуздукка себеп болду, пакистандык талиптер менен кызматташты” деген айыптар да коюлууда.

Бул дипломаттар өлкөдөн чыгарылаары же аларды Индия артка чакыртып алаары азырынча белгисиз.

Өткөн аптада коңшулар бирден дипломатын тыңчылык боюнча айыптап, өлкөдөн чыгарып салышкан.

Исламабад Индиянын маалымат каражаттары тыңчылык боюнча айыптаган алты дипломатын артка чакыртканын билдирген.

Мындай билдирүүлөр Индия менен Пакистандын ортосундагы Кашмир аймагында атышуулар күчөгөн учурда жасалууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG