Дүйнө жүзү боюнча 300 миллиондой жаш балдар абасы булганган аймактарда жашайт. Бул тууралуу Улуттар Уюмунун Балдар кору бүгүн жарыялаган баяндамада айтылат.
Анда маалымдалгандай, 220 миллион чамалуу бала Түштүк Азиянын калк жыш жайгашкан райондорунда жашашат. Ал жактарда абанын булгануусу Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун нормаларынан алты эсе жогору.
ЮНИСЕФтин аткаруучу директору Энтон Лейктин айтуусунда, абанын булгануусу өпкөнүн сезгенүүсүнө алып келген негизги фактор. Бул оору жыл сайын жарым миллиондон ашуун баланын өмүрүн алат. Уюм 7-18- ноябрда Мароккодо өтчү дүйнөлүк жылуулук боюнча жыйындын катышуучуларын жерден чыккан отунду колдонууну чектөөгө чакырды.
Ошондой эле ЮНИСЕФ балдардын саламаттыгына туулган коркунучтарды алдын алуу үчүн өндүрүш объектилерин мектеп, бала-бакча жайгашкан аймактардан көчүрүүгө чакырды.