Көмүр кениндеги талаш митингге чыгарды
30-октябрда Нарындын Ак-Талаа районунда көмүргө байланыштуу нааразылык акциясы өтүп, Баетов айылынын борборунда 200дөн ашык киши чогулду. Митингчилердин айтымында, Турук көмүр кенин иштетип жаткан, Жогорку Кеңеш депутаты Камчыбек Жолдошбаевге таандык делген "Сардар" компаниясынын айынан Ак-Талаа районундагы 2200дөй түтүндүн жарымынан көбү көмүрсүз калды. Алар бийликтен Турук көмүр кенин иштетүү укугун кайрадан "Кенч Строй" компаниясына берүүнү талап кылууда.