Кечээ, 29-октябрда футбол боюнча Кыргызстандын чемпиондугунун (Топ лигада) акыркы жыйынтыктоочу 21-турунда эки оюн болуп өттү. Бул оюндарга чейин “Алай”, “Дордой” жана “Алга” клубдары чемпион болууга мүмкүнчүлүктөрү сакталып турган.
Кыргызстандын футбол лигасынан маалымдашкандай, турнирдик таблицада көч башын жетектеп келген “Алай” клубунун оюнчулары акыркы турда Ош шаарында Канттын “Абдыш-Ата” клубу менен беттешти. Акматбек Сүйүнбаев атындагы стадиондо өткөн беттеште талаа кожоюндары 2:0 эсебинде жеңишке жетти. Оюндагы голдор Акрам Умаров менен Максат Алимовго таандык болду.
Ошентип Топ лигадагы 2016-жылдагы оюндардын жыйынтыгында жалпысынан 45 упай топтоо менен “Алай” клубу чемпиондук наамын сактап кала алды. Кыргызстандын чемпиондугун “Алай” ушуну менен үчүнчү жолу утуп жатат. Акыркы жолу былтыркы сезондо жеңүүчү болгон.
2016-жылдагы чемпиондукта күмүш байгени алган “Дордой” клубу 29-октябрда Бишкек шаарындагы өз талаасында “Алга” клубу менен беттешип 3:1 эсебинде жеңишке жетти. “Дордой” чемпиондукта 43 упай топтой алды. 39 упай энчисинде бар “Алга” оюнчулары 25-жолу өткөрүлүп жаткан Кыргызстандын чемпиондугунда коло байгесинин ээси болушту.
Футбол боюнча Кыргызстандын жогорку лигасы саналган Топ лигасында быйыл 7 клуб ойноду. Жогоруда аталган байге ээлеринен сырткары биринчилик үчүн “Абдыш-Ата”, “Кара-Балта”, “Ала-Тоо” жана “Алдиер” клубдары ат салышты.
Чемпиондуктун “мыкты чабуулчусу” наамын “Алай” клубунун оюнчусу Алиа Силла алды. Алайдын гвинеялык чабуулчусу 17 оюнда 21 гол киргизип, көч башына чыкты. Экинчи орунда “Алай” клубунун дагы бир оюнчусу Максат Алимов 15 гол менен жайгашты. “Дордой” оюнчусу Мирбек Акматалиев 13 гол менен мыкты чабуулчулардын үчүнчү катарынан орун алды. (ECh)