Иран колдогон шийит козголоңчулары Иракта, Мосул шаарынын батыш жагында өзүн "Ислам мамлекети" деп атап алган террордук топко каршы жүрүш баштаганын кабарлоодо.
Бүгүн алар башка козголоңчулар менен бирге Тал-Афар шаарында кармашка катышууда. Бул шаарды террорчулар тобу эки жыл мурда басып алган.
Мосулду экстремисттерден тазалоо операциясы мындан эки жумадай мурун башталган.
АКШ аскерлеринин кол башчысы генерал Мэтью Ислер 28-октябрда билдиргендей, Ирак аскерлери Кошмо Штаттардын колдоосу менен операция башталгандан бери Мосулдун айланасындагы 40 чакты айыл-кыштакты радикалдардан кайтарууга жетишти. (RK)