Кыргызстанда 28-октябрда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда бир аз жамгыр жаайт.Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 2-7 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -1...-6, күндүз +7...+12,
Талас жергесинде түнкүсүн -2...-7, күндүз +6...+11,
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындатункүсүн -2...+3, күндүз +8...+13,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн -3...-8, күндүз +2...+7,
Нарын облусунда түнкүсүн -9...-14, күндүз +2...+7 градус болот.
Бишкек шаарында жаан жаабайт. Түнкүсүн -1...-3 градус суук, күндүз +10...+12 градус жылуу болот.