Бишкек-Ош жолунун 127-128-чакырымдарында жол тыгын болуп калбашы үчүн алдын-алуу жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолдун тоолуу аймактарындагы бөлүгүнө бурганактап жааган кардан улам жүк ташуучу автоунаалардын жүрүүсүнө чектөө киргизилген. Учурда бул бөлүк тазаланып жатат.
Бишкек-Ош магистралында кыймыл качан толук калыбына келтирилери азырынча белгисиз. Министрлик бул аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу болорун белгиледи.
Кечээтен бери өлкөнүн көпчүлүк аймактарында аба ырайы кескин төмөндөп, кар жаап жатат.(BkA)