Ош: эл базарды көчүрүүгө каршы
Ош шаарындагы унаа тетиктерин саткан менчик базардын соодагерлери экинчи жолу бийликтин кысымына кабылганын айтышууда. Буга чейин экотехинспекция айып коюп келсе, эми сатуучуларга санэпидем кызматы жабышканын билдиришти. Ишкерлер бул аракеттин артында калаа жетекчилери турат деп шектенүүдө. Анткени шаар бийлиги элди кайра эле башка менчик базарга көчүүгө мажбурлап жатышкан экен.