Казакстандык журналист, "Казакстан жаштар маалымат кызматы” коомдук уюмунун директору Ирина Медникова белгисиз адамдар ага кол салышканын билдирүүдө.
Журналист окуя 12-октябрдын кечинде, Алматы шаарындагы үйүнүн жанында болгонун Фейсбукка жазды.
Анда кол салган эркек киши аны жерге жыгып, ары-бери сүйрөгөнү, автоунааны сүздүрүп, колбаштыгын жула качканы, сүйрөгөндө тизелери айрылганы айтылат.
Журналисттин кол баштыгында Атырау шаарында медиа иш-чара өткөрүү үчүн даярдалган материалдар жана документтер болгон.
Медникова кол салууну катардагы каракчылык эмес, кесиптик ишмердигине байланыштырууда. Алматы полициясы “тоноо” фактысы боюнча иликтөө баштаганы белгилүү болду.
Ирина Медникова оппозициялык “Республика” гезитине макалаларды жазып жүрөт. Гезит 2000-жылы ачылгандан тарта эле куугунтукка кабылып келет. Казак бийлиги басылманы “экстремисттик” деп таап, сот ишмердигине тыюу салган.