Дүйнөлук паллиативдик медицина алянсынын директору Стивен Коннор Кыргызстандагы үйүндө жаткан оор бейтаптардын жашаган жерине барып, абалын көрүп жатат. Адис оорулуу кишилерге жашоо үчүн күрөшүү жаатында кеп-кеңешин айтууда. Адис менен чогуу жүргөн кабарчыбыз билдиргендей, ал 12-октябрда Ош шаарында болду. Бүгүн “Эргене” коомдук фондунун адистери Бишкектеги оорулуу кишилердин үйлөрүнө алып барууда.
Стивен Коннор "Сорос" Кыргызстан фондунун чакыруусу менен келген. (BCh)