Эл аралык журналисттер федерациясы (IFJ) Казакстандын журналисттер союзунун төрагасы Сейитказы Матаев менен анын уулу Асеттин соттолушун айыптады.
Брюсселде жайгашкан уюмдун 10-октябрда тараткан билдирүүсүндө, ал жана анын Казакстанда жайгашкан бөлүмү Сейитказы жана Асет Матаевдердин соттолушуна «бийликтин көз карандысыз журналисттерди жазалоосу» деп баа берди.
Ата-бала журналисттер 3-октябрда салык төлөөдөн качкан жана мамлекеттик каражатты кымырган деген айып менен беш жана алты жылга соттолушкан. Бирок экөө тең күнөөнү моюнга алган эмес. (ST)