Кыргызгидромет борбору 9-октябрда жаан-чачын болбой турганын маалымдады. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метрге жетет.
Абанын табы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +3...+8, күндүз +19...+24,
Талас жергесинде түнкүсүн +2...+7, күндүз +18...+23,
Баткен облусунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +21...+26,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +8...+13, күндүз +22...+27,
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн +1...+6, күндүз +15...+20,
Нарын облусунда түнкүсүн -4...+1, күндүз +16...+21 градус болот.
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -7...-12, күндүз 0...+5.
Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын табы түнкүсүн +6…+8, күндүз +20…+22 ысыйт.