Бул тууралуу “Азаттыкка” Хамзаеванын адвокаты Динара Медетова билдирди. Ал ошондой эле Хамзаева бүгүн түшкү саат экиге УКМКнын имаратына суракка чакырылганын билдирип, бирок тергөөчү башка иштери менен жүргөнүн айткандыктан жолугушуу болбой калганын кошумчалады.
- Жанета Хамзаеванын статусу азыр белгисиз. Себеби анын паспортун алып коюшту, демек Кыргызстандан да чыгып кете албайт. Анын үйүн 2-октябрда УКМК кызматкерлери башка өлкөнүн жарандыгы тууралуу документтери бар деген маалыматтын негизинде тинтип, бирок эч нерсе тапкан жок. Хамзаева өзү болсо Кыргызстанга апасы ооруп жатканынан келгенин айтууда.
Жактоочу Динара Медетова өз кезегинде Хамзаеваны УКМК кызматкерлери камоо максатында келип, саясый туткунга айлантканын кошумчалады.
2-октябрда Кыргызстанда издөөдө жүргөн Собир Валиевдин жубайы Жанета Хамзаева “Манас” аба майданына учактан конгон учурда УКМК кызматкерлери аны кармап кеткен. Бул окуяга Human Rights Watch эл аралык укук коргоо уюму тынчсыздануусун билдирген. УКМК Хамзаеваны ошол эле күнү кайра бошотконун билдирген. (SDz)