Элчиликтеги теракт студенттерди томсортту
Кытайда окуган үч жүзгө жакын кыргызстандык студент элчиликтен виза ала албай жатканы белгилүү болду. Кыргызстан бул маселе боюнча Кытайга кайрылып, 30-августтагы терактан бери иштебей турган Бишкектеги консулдук бөлүмүнүн ишин жандантууга чакырды. Бул тууралуу Кыргызстан менен Кытайдын тышкы иштер министрлеринин 15-сентябрдагы сүйлөшүүсүндө да айтылды. Кытай элчилиги жардыруудан кийин кыргызстандыктарга виза берүүнү убактылуу токтоткон.