Данисте: гүл жыттанган кыргыз самыны
Жаңы окуу жылы башталды. Бирок кээ бир балдар билим уясынын эшигин аттаган жок. Ал эми окууну эңсеген майып эгиздер тоскоолдукка карабай, мектепке кабыл алынды. Бүгүнкү “Данисте” берүүсүндө ушул темалар козголот. Ошондой эле Түркиядагы жылкычы мигранттар, Зардалы айылындагы балыкчылар, ысыккөлдүк жеңелердин шакар самыны тууралуу да айтып беребиз. Нарындык майып уста Рахат Үсөнкожоев төшөктө жатып алып колдо жасаган буюмдарын эми интернет аркылуу сата баштаганын да көрө аласыздар.