Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

Бишкекте учактын авариялык конуусун тажик тарап иликтеп жатат


Тажик самолетунун Бишкектен учуп, бирок кете албай кайра-кайра айланган багыты. 7-сентябрь, 2016. Kyrgyzstan
Тажик самолетунун Бишкектен учуп, бирок кете албай кайра-кайра айланган багыты. 7-сентябрь, 2016. Kyrgyzstan

7-сентябрда 12:20да Бишкектен Дүйшөмбүгө багыт алган "Тажик-Эйр” компаниясынын “Боинг-757” учагы асманга көтөрүлүп, Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынан артка кайткан жана “Манас” эл аралык аэропортуна кайра конууга мажбур болгон. Чукул конууга техникалык мүчүлүштүк себеп болгону айтылган. Адистер учактын бир кыймылдаткычы иштебей калганын белгилешүүдө.

Лайнер Сокулук району тарапта абада бир нече жолу айланып, 40 мүнөт учкан.

Жүргүнчүлөрдү беш сааттан кийин Тажикстанга башка учак алып кетээри айтылган. Бирок жүргүнчүлөр 8-сентябрь күнү гана, авариялык конуудан дээрлик 20 сааттай убакыт өткөндөн кийин запастагы үчүнчү самолет менен учушкан. Айрым жарандар тажик учагы менен учуудан такыр эле баш тарткан.

Бул авариялык конуунун чоо-жайын тажик тарап иликтеп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG