Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Германиянын Потсдам шаарында өткөн ЕККУ жыйынында Өзбекстанда кармалып турган кыргызстандык жарандарды бошотууну өзбек тараптан талап кылды. Бул тууралуу бүгүн Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, коопсуздук, чыр-чатактарды жөнгө салуу, террорчулукка каршы күрөшүүдө ЕККУнун ролу талкууланган жыйында Эрлан Абдылдаев кыргыз-өзбек чек арасындагы соңку окуяларга байланышкан маселени көтөргөн. Өзбек тарапты чек ара боюнча мурда кол коюлган келишимдерди сактоого, кыргызстандыктарды токтоосуз мекенине кайтарууга чакырган. ЕККУга Өзбекстан да мүчө.
22-августта Өзбекстан Үңкүр-Тоодогу тактала элек аймакка күтүүсүз кирип келип, он чакты милиция кызматкерин жайгаштырган. Ал жердеги телемунарада иштеген төрт жаранды кармап кеткен. Муну менен расмий Ташкен Ала-Букада мыйзамсыз кирип келгени үчүн кармалган өзбек милиция кызматкерин өткөрүп берүүнү, суу сактагычтын жанындагы кыргыз тарапка тиешелүү милиция бекеттерин алып салууну талап кылган. Кыргыз бийлиги кийинчерээк кармалып турган өзбек милициясын бошоткон. Бирок Ташкен Үңкүр-Тоодон милиция кызматкерлерин алып кеткен жок. Кармалган кыргызстандыктар бошотула элек. (NT)