Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:58

"Ата-Бейитте" Үркүн курмандыктарына эстелик ачылды


"Ата-Бейит" мемориалдык комплекси.
"Ата-Бейит" мемориалдык комплекси.

Бишкектин четиндеги "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинде 1916-жылдагы кандуу окуялардын курмандыктарына арналган эстелик бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда ачылды. Анын курулушу президенттин жарлыгына ылайык жүргүзүлгөн. Буга чейин мемориалды тургузуу үчүн скульпторлор арасында сынак жарыяланып, атайын түзүлгөн комиссия Огонбаев менен Ажиевдин эмгегин тандап алган. Эстеликтин ачылышына Кыргызстандагы чет элдик дипломаттар, эл аралык уюмдардын өкүлдөр да келишти. Президент Үркүндүн мааниси, аны тарыхта калтыруу аракеттери тууралуу сөз сүйлөп, муфтий курмандыктарга багыштып куран окуду.

Үркүн курмандыктарына арналган мемориал ошол кезде ата-бабалар кабылган оор күндөрдү кеңири чагылдырган. (NT/ZA)

XS
SM
MD
LG