Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:59

Клинтон киберчабуулдар үчүн жаза катуу болорун эскертти


Хиллари Клинтон.
Хиллари Клинтон.

АКШ президенттигине талапкер Хиллари Клинтон шайлоо мезгилинде жасалган киберчабуулдар башка кылмыштардай эле жазаланарын эскертти. Associated Press агенттиги маалымдагандай, Клинтон Огайо штатында ардагерлер менен жолугушууда демократтарга жасалган киберчабуулдардын артында Орусия турат деп кайталады. Анын сөзү боюнча АКШ кибермейкиндиктин жаңы эрежелерин аныктап чыгууга тийиш.

Жайдын башында белгисиз хакерлер Аризона жана Илинойстагы шайлоочуларды каттоо системасына чабуул жасашкан. АКШ атайын кызматтары хакерлик чабуулдарга Орусиянын тиешеси болушу ыктымалдыгын жокко чыгарышпайт. Июль айында хакерлердин чабуулуна Демократиялык партиянын Улуттук комитети кабылган. Клинтондун штабы бул үчүн да Орусияны айыптаган.

Москва бул айыптоолорду четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG